www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелген үч чет өлкөлүк жаран кармалды.

Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына өтүп, Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашырынып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси — мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында коңшу өлкөлөрдүн биринин 2000-жылы туулган Ш.Б. аттуу жараны кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ушул эле берене боюнча дагы эки кылмыш иши козголуп, шектүү катары коңшу өлкөнүн дагы эки жараны кармалган.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү уюштурган адам аныкталган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси — мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү же алып чыгууну уюштуруу боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда кармалган жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости