www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү 1200дөй кызматкер Твиттерди өз ыктыяры менен таштап кетишти. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.
Бул маалыматты компаниядагы үч булак тастыктады. Жалпысынан октябрдын аягында штаттык кызматкерлердин саны 7500 адамды түзсө, массалык кыскартуулардан кийин ал 3700гө чейин кыскарган.
Массалык кыскартуулар Twitterдин жаңы ээси Илон Масктын ультиматумуна байланыштуу, ал жумуштун интенсивдүүлүгүн жогорулатууну же компаниядан кетүүнү талап кылган, ошондой эле аралыктан иштөөгө тыюу салган.
The New York Times гезитинин жазганына караганда, кызматкерлердин саны дагы деле өзгөрүшү мүмкүн, анткени бардык кызматкерлер кеткени тууралуу кадрлар бөлүмүнө тийиштүү түрдө билдиришкен эмес.
Буга чейин, 18-ноябрда AVG Legal юристи Алексей Гавришев Масктын Twitterди башкарууга болгон мамилесинен улам көйгөйлөрдү алдын ала айткан. Анын айтымында, ашыкча жүктөмгө байланыштуу компаниянын кызматкерлеринин жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, ошондуктан Маск калган кызматкерлерди сактап калуунун жолун таап, керектүү сандагы жаңы кызматкерлерди табышы керек болот.
Булак: NazarNews.kg