www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана финансы министри, "Кумтөрдү" текшерүү боюнча мамкомиссиянын башчысы Акылбек Жапаров Кумтөрдү реструктуризациялоо боюнча 2003-жылдагы өзү сындап жүргөн документтеги кол тамгасына байланыштуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, Акылбек Жапаров өзү салык жана бажы алымдары боюнча комитеттин жетекчиси болуп турганда кол коюуга келген көп сандаган документтердин эң алгачкысы — ушул өкмөттүк документ.
"Эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүмдө бир нече ирет белгилегендей, Кыргызстан үчүн мындай кыйла пайдасыз алтын кен долбоорун реструктуризациялоо долбооруна принципиалдуу каршылыгымдан улам, андан кийинки документтерде, анын ичинде канадалыктар менен сүйлөшүүлөр боюнча жыйынтыктоочу протоколдордо менин колум жок", - деп жазган ал социалдык баракчасына.
Ошондой эле ал эксперттердин 2003-жылы Торонтодогу жыйынтыктоочу жолугушуусунун протоколунун сүрөтүн чыгарган, ал жерде анын колу жок.