www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр боюнча кармалгандар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурасын», - деди бүгүн, 2-июнда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.

- Айданбек байке, Кумтөр кениндеги алешемдиктер ачыкка чыгып, депутаттар, мурунку премьер-министрлер камакка алына баштады. Эми дүйнөлүк экологияга таасири чоң Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн да талкалоого уруксат берген депутаттар жана ошол мезгилде бийликте турган азаматтар да жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- Кумтөр боюнча болуп көрбөгөндөй тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкка каршы келген чечимдерди кабыл алууну демилгелеген, парламентти ошондой чечим кабыл алууга мажбурлагандар жооп бериш керек. Депутат берген добушу үчүн жооп бербейт. Бирок депутаттарды мына ошого мажбурлагандар бар. Айрым депутаттарды сатып алгандар болушу да мүмкүн. Сатып алуу фактысы аныкталса, анда коррупция боюнча депутаттар да жоопко тартылышы керек.

Эң негизгиси Кумтөрдөгү коррупциялык схема аныкталып, Кыргызстан эл аралык арбитражда жеңилбей турган болушу керек. Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар чиновниктер күнөөсүн мойнуна алып, канча каражат, качан жана кайсы банктагы эсептерине которулганын айтып, «Центерранын» чыныгы жүзүн, ыплас иштөө ыкмаларын ачууга жардам бериши керек. Алардын мамлекетке, элге тийгизе турган пайдасы да ошол болмок.

Кумтөр боюнча кармалгандар, коррупцияга аралашканы чын болсо, анда тергөө менен кызматташып, коррупциялык схемаларды ачып, күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, болгон коррупциялык акчаларын мамлекетке кайтаруу мезгили келип турат.

- Камлбайт деген Өмүрбек Бабановдун, Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кумтөр кени боюнча камакка алынышы Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын ачылышына шарт түзөбү?

- Ал экөө өз эрки менен коррупциялык схеманы ачып беришсе, анда шарт түзүлөт. Чындыгында чечимди жогору жактагылар кабыл алышкан. Өкмөт башчылар адатта курал болуп келген. Акаев убагында Танаев сыяктуу...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости