www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Катар Чарити» кайрымдуулук уюмунун башкы директору Юсуф бин Ахмед Аль-Куварини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты



Тараптар «Катар Чарити» тарабынан өлкө аймактарында каржыланып жаткан социалдык, билим берүү жана инфраструктуралык бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулап, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.



Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, уюмдун ишине жараша Кыргызстандын аймагында билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, республиканын алыскы райондорундагы инфраструктураны жакшыртуу жаатында 1500 ашуун долбоор ишке ашырылып, 500 ашуун долбоор ишке ашыруу алдында турат.

Улукбек Марипов ишке ашырылып жаткан долбоорлордун өзгөчө маанилүү экендигин белгилеп, Фонддун жетекчиси Юсуф бин Ахмед Аль-Кувариге кыргыз элине көрсөтүлүп жаткан кайрымдуулук жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирип, Фонд мындан ары карай дагы ар кыл тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга ниттенип жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, алыскы аймактарга социалдык жана медициналык мекемелерди куруу, мектептерди компьютерлер менен жабдуу, жаңы билим берүү мекемелерин куруу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн зарыл шарттарды түзүү, жумушчу орундарды түзүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Улукбек Марипов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен Юсуф бин Ахмед Аль-Кувариге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости