www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагалыгына сунушталган Акылбек Жапаров эки күндөн кийин Кытайдан товар ташуунун көлөмү көбөйөрүн билдирди.

Анын айтымында, «Торугарт» бекетинен өткөрүлгөн унаалар күнүнө 32ден 64кө, «Эркечтамдан» 22ден 44кө көбөйөт. Кыргызстан Кытай тараптын талаптарын толук аткарып бүттү.

«Бүгүнкү күндө Кытайда экономика катуу өсүп, 8 пайыздан ашты. Товарлар аябай көп, Америка менен соода-сатык каршылыгы болгондуктан океан менен барган товарларына бөгөт коюлган. Азыр биз аркылуу Европага товар ташыйбыз деп жатышат.

Негизи бизден кетип жатат, өзүбүздүн милдеттерди так аткара албай жатабыз. Сертификация, маркалоо, авиациялык пломба сыяктуу. Ошонун баарын үч айдан бери сүйлөшүп жаттык. Өзбекстан Кытайдан жылына 6000 машинаны транзит катары алып өтүүнү суранууда. Эгер ушул иштер аткарылса алдыга жылабыз», — деди Жапаров.

Андан соң депутат Шайлообек Атазов «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларына товар келбей калышынын себебин сурады.

«Бизде, тилекке каршы, туура эмес саясат жүргүзүлүптүр. Дүйнө жүзүндө бир дагы өлкө карым-катнашты токтотпоптур, (пандемиянын алдында — ред.) биз эле чек араны жааптырбыз.

Экинчиден, эки ай дегенде араң түшүндүм, мурунку айыл чарба министри, бажынын төрагасы, саламаттык сактоо министри бизге кирип жаткан жүктөр кытай тараптан да, кыргыз тарапка киргенден кийин да дезинфекциядан өтсүн деген талап койгон экен. Кытай тарап эсептеп көрүп мындай шартта 32 машина гана өтөт экен дептир», — деп жооп берди Жапаров.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө аталган талаптар жокко чыгарылганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости