www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта массалык уулануу болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык уулануу катталды. Аларда улануунун белгилери сүннөт тойго баргандан кийин байкалган. Мындай маалымат Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан белгилүү болду.

Ведомоствонун маалыматына караганда, 11-октябрда сүннөт той өткөн.

"Той ээлеринин айтымында, кечеге миңдей адам катышкан. Тойдон кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышкан. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылса, калгандары амбулартордук дарыланууга жиберилди. 12-октябрдан бери дагы канча киши кайрылганы боюнча маалымат такталууда.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатат", - дешти департаменттин маалымат кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости