www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай өкмөтү Европага Кыргызстан аркылуу да товар ташууга кызыкдар болууда. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.

«Кытайда экономика катуу өсүп жатат. Сегиз пайыздан өттү. Товары аябай көп. Америка менен соода-сатык каршылыктары болгондуктан океан менен барган товарларга бөгөт коюлуп, азыр биз аркылуу Европага товар ташыйбыз деп жатышат.

Бизден кетип жатат, өзүбүздүн алган милдеттерибизди так аткара албай – сертификация, маркировкалоо, авиациялык пломба… Ошолордун баарын үч айдан бери сүйлөшүп жатып, кичине жылчыктардын баары табылды. Көрөбүз», - деди Жапапов.

Жапаровдун айтымында, Өзбекстан да Кытайдан бир жылда алты миңдей машинаны Кыргызстан аркылуу транзит кылып алып өтүүгө уруксат сурап жатат.

«Ушул иштердин баары ишке аша баштаса биз алдыга жылабыз», - деди Жапаров.

Кыргызстандын экономикасы коронавирус пандемиясына жана 2020-жылдын октябрындагы саясий окуяларга байланыштуу оор абалга туш болгон.

Кытай менен АКШнын өз ара мамилелери бир катар саясий, экономикалык жана адам укуктарына байланышкан маселелерден улам кыйла солгундаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости