www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

32 өлкө “Глобалдык метан милдеттемеси” долбооруна кирди жана 2030-жылга чейин уулу газдын абага тарашын 30% кыскартууга ниеттенүүдө. АКШнын президенти Жо Байден муну менен эл аралык коомчулук глобалдык жылуулукка каршы күрөшүп жатканын айтты.

Долбоор ноябрда Шотландияда өтө турган БУУнун климаттык конференциясынын алдында даярдалууда. Анын максаты – башка өлкөлөрдү жалпы чараларга кошулууга көндүрүү жана 2100-жылга карата жылдык орточо температураны 1,5 градус чегинде кармоо. Бул чектен өтүп кеткенден кийин адаттан тыш ысык, кургакчылык, түшүмсүздүк жана экосистеманын бузулуу ыктымалдуулугу кескин көбөйөт.

Метан – температуранын жогорулашына таасир берген көмүртек газынан кийинки эле атмосферада кеңири тараган экинчи зат. Ал таштанды жайларынан, үй жаныбарларынан активдүү түрдө бөлүнүп чыгат. Жакын арада метан көмүртек газынан да коркунучтуурак болушу ыктымал: жыйырма жылда ал атмосфераны 80 эсеге күчтүрөөк ысытууда.

АКШ жаңы мунай жана газ скважиналарында метандын чыгышын көзөмөлдөйт. Жакынкы жумаларда Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги бул газ менен иштөө жөнүндө жаңы эрежелерди чыгарат.

Метанды кыскартуу жөнүндө келишимге АКШ, Европа биримдигине мүчө өлкөлөр, Канада, Индонезия, Пакистан, Мексика, Нигерия, Аргентина жана Ирак кол койду. Атмосферага метан чыгарууда үлүшү көп Индия, Кытай, Орусия жана Бразилия бул долбоорго катышууга даяр эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости