www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин жаңы курамы өзүнүн биринчи жана экинчи отурумун Баткенде өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, отурумду өткөрүүгө даярдык иштери жүрүп, кышка чейин өткөрүлөт.

«Ошондой эле Баткендин өнүктүрүү фонду түзүлүп, жыл сайын 500 млн сом каражат бөлүнүп турат. Мындан сырткары, 5-10 жылдын ичинде болгон финансылык мүмкүнчүлүктөр Баткен менен Нарын облустарына жумшалат», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости