www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акун» деген сөздөн улам чыгып кетти. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаев маркум Чыныбай Акунович мен масилет куруп партиясына алмакчы болот. Бирок, Өмүрбек Чиркешович канча доллар үмүт кылганын ким билет, Чыныбай Акунович Атамбаевдин СДПКсына кирип фракция жетекчиси, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп жүрүп, ал кызматтан түшүп депутат болуп жүргөндө коронавирус дартынан каза болгон.

Текебаев болсо 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш жетпей калып, техникалык өкмөттүн административдик ресурстун таасири менен өлдүм-талдым парламентке өткөн. Ошол эле режим менен Текебаев өзү жазган Конституция боюнча спикер болуу тилеги ишке ашып, президент Роза Отунбаева СДПК, «Республика» партиясы менен коалиция түзүүгө батасын берет.

Бирок бул коалиция парламентте тиешелүү кол топтой албай калган. «Ата-Мекен» партиясы катарына эми «акундарды» кошо баштады:

"Ата-Мекен" партиясынан Жогорку Кеңешке  талапкер боло тургандардын тизмеси. Алгачкы беш адам төмөнкүлөр:

- Өмүрбек Текебаев,

- Клара Сооронкулова,

- Тилек Токтогазиев,

- Али Токтакунов,

- Наталья Никитенко.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости