www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирди. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктады, талапкерлер тизмеси Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө жөнөтүлдү.
"Бул мыйзамга ылайык, бир эле адам премьер-министр жана президенттик аппараттын башчысы болот. Бул кызматка Акылбек Жапаров сунушталууда. Мен бул туура чечим деп эсептейм, анткени Акылбек Жапаров абдан күчтүү профессионал, экономист жана бул кызматта ал, менимче, чыдайт. Менин көз карашымда, ал системалык менеджер. Мындан тышкары, ушул оор учурда Акылбек Жапаровдун дайындалышы туура жана өз убагында, анткени ал кризистик менеджер", - деди эксперт Марс Сариев.
Сариевдин айтымында, Кумтөр боюнча түзүлгөн кырдаалда Жапаров өзүн чындап кризистик менеджер катары көрсөттү. "Ошондуктан, мен колдойм. Бул адекваттуу дайындоо", - деди саясат таануучу президенттин чечимине комментарий берип жатып.
"Учурдагы администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖМКлардын маалыматы боюнча, статс-катчы кызматына дайындалды. Бул да туура чечим деп ойлойм. Маалыматтык-аналитикалык чөйрө Касмамбетовго жакын. Жалпысынан алганда, мен бул өзгөртүүлөрдү толук колдойм. Менимче, бул абдан жакшы натыйжа берет жана экономикалык жактан да, идеология боюнча да эффективдүү башкаруу болот ", - деди Марс Сариев.
Булак: NazarNews.kg