www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаки деген элдин эсебинен байып, жалаң чоңдорду көздөп келген Ат-Башынын кулуну бар, эми ал №33 округдан депутат болуп келгени турат. Ал эми Кубаныч Кадыров “Ата-Журт” партиясынын туусун көтөрүп келатат. Шакини какмалап Салымбековдор баш көтөртөбү, ким билет? Шакинин Ат-Башыга аттын башын эстелик кылганы болбосо, элге эч деле иш жасабай, чоңдорду көргөндө шымын булгап, жата калып саламын берип, соолуп калат.

Эми анын мурунку заманын кеп кылбай эле койолу. Максимдин алдында мамык төшөк болуп жатканда, бийлик алмашып кетет. 2010-жылы убактылуу бийлик келгенде чет мамлекетте качып жүргөн Кубаныч Кадыров келип, ИИМ министрине орун басар болот, анан эле Максимдин мантайган куйругу Шакини жакадан алат, өзүнөбү-элгеби, белгисиз, 500 млн сомбу же долларбы, салык салат. Мындан азыраак болгондо Шаки берип кутулмак, ортого Бабановду салып, убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Атамбаев менен ымалашат.

Ошентип, Атамбаевдин “кошелёгуна” айланып, Кой-Таштагы резиденциясын ушул Шаки салып берген деп айтып жүрушөт. Шаки Бабановдун “Республикасы” аркылуу ЖКга депутат болот. Кийинки шайлоодо СДПКнын кол куурчагы болгон “Кыргызстан” партиясын түзөт. Шайлоо бүткүчө жалгыз эле Каныбек Иманалиевди кубалап чыгат. Шайлоо бүткөн соң, аны шайлоодон өткөзгөндөр четинен кыйрайт. “Жакшылыкка жамандык” деген ошол болот. Акыры фракция лидери Канат Исаев жайланып, камактын сорпосун татып чыгат.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости