www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда эркек кишини кечээ күнү унаа сүзүп кетти, деп билдирди бүгүн, 12-октябрда, ЖКККББнын басма сөз кызматы. Окуя 19:00 чамасында Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында болгон. Шапак айылынын 72 жаштагы тургуну мас абалда жолдун ортосуна отуруп алган. Аны «Хёндай» унаасы сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып жоголгон.

Ысык-Көл ЖКККБнын кызматкерлери «Хёндайдын» айдоочусун кармады. Ал Шахта-Жыргалаң айылынын 36 жаштагы тургун Б.Д. экени белгилүү болду.

Окуя КЖБРга Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости