www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Такси кызматын көзөмөлдөө маселеси парламентте көтөрүлдү

Кыргызстандагы такси кызматы боюнча маселе 12-октябрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында көтөрүлдү. Депутаттар жүргүнчү ташыган менчик такси кызматтарынын ишин, айдоочуларды көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Депутат Бейшеналы Нурдинов өкмөттү бул боюнча мыйзам долбоорун сунуштоого чакырды:

“Айдоочу «Яндексти» алды да, иштеп жатат. Ушуну көзөмөлдөө керек. Жолдо болуп жаткан кырсыктардын баары ушундан. Машинанын абалы текшерилбейт, лицензиясы жок, салык төкпөйт, патент албайт. “Мен таксистмин” дегендердин айдоочулук стажы канча экенин, айдоочулук окууну качан бүткөнүн текшерүү зарыл. Сунуш кылып, жүргүнчү ташуучулар боюнча чоң бир мыйзам долбоорун алып келсеңер жакшы болот эле”.

Жыйынга катышкан Экономика жана каржы министрлигинин өкүлдөрү бул маселе бир нече жолу көтөрүлгөнүн, такси кызматын лицензиялоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын, бирок бизнес тармагынын каршылыгына дуушар болуп, парламенттен өтпөй калганын, анткен менен, көзөмөлгө алуу тууралуу чечим керектигин айтышты.

Кыргызстанда он-чакты такси кызматы бар, алардын эң көп жайылганы “Яндекс” кызматы. Мындан тышкары өз алдынча жүргүнчү ташыган айдоочулар да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости