www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында май куюучу жайдын алдында болгон мушташ боюнча эки жаран тергөө органдарына жеткирилди.
Окуя 15-апрелден 16-апрелге караган түнү Г.Айтиев көчөсүндөгү “Партнер-Нефть” май куюучу жайынын жанында болгон. 1990-жылы туулган жаранды белгисиз адам себепсиз сабап, денесине залал келтирген.
Бул факты 17-апрелде милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 1998-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Т.Э. аныкталып, кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Алдын ала маалымат боюнча, жаңжал “Энесай” эс алуу жайында башталып, кийин көчөдө уланган.
Милиция айрым интернет булактарында тараган “кармалган адам балбан Акжол Махмудов” деген маалыматты четке какты.
Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы маалым кылды.