www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал алгач бразилиялык балбанды 11:1, кийин мексикалык спортчуну 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда кыргыз балбаны түркиялык Юнус Эмре Башарды 9:7 эсебинде артта калтырып, чемпионаттын жарым финалына өттү. Жарым финалда Акжол кореялык Ким Хён У менен кармашат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда дагы Махмудов кореялык Ким Хён У менен жарым финалда кез келген. Ал мелдеште кыргыз балбаны бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону болгон.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости