www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектеги алтын чуусу жакындап келаткандай. Эгемендикке чейин деле Кыргызстан алтын өндүрүп келген, бирок эч кандай маселе чыкчу эмес. Кошуна Өзбекстанда дагы алтынды чет өлкөлүк компания казат, бирок ал алтындын жарымына жакынын мамлекетке өткөрүп берет дагы, калган жарымы менен иштеп, акция чыгарат жана дивиденд төлөйт.

Эгер алтынды өкмөт өзү казганда дагы ошондой болмок, бирок бизде «Кыргызалтын» акционердик коом болуп калган, андай коом болсо өз иши тууралуу толук маалымат бербейт. Азыр депутаттар дагы – канадалыктар менен Кыргызстан кантип ажырашканы тууралуу толук маалымат же акыркы келишимдин текстин ала албай жүрөт.

«Кыргызалтын», Улуттук банк жана өкмөт алтындын экспорту тууралуу ар башка маалымат берүүдө. Эгер бизде чыныгы президенттик башкаруу болгондо, мамлекет башчы столду бир муштап, тартип орнотуп салмак. Бирок президент өзү ошол эле экспорт боюнча башка маалымат таратууда, анын бир тууган агасынын болсо алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү да чыга баштады.

Последние новости