www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Принц Гарри менен Меган Марклдын никеси бузулду. Жубайлар жакында ар тарапка кетиши мүмкүн. Бул тууралуу королдук эксперт Колин Кэмпбелл өзүнүн YouTube каналында билдирди. Анын айтымында, түгөйлөр ажырашуу процесси үчүн адвокаттарды да жалдашкан. Бирок, Гарри менен Меган дагы эле чогуу эл алдына чыгышат.
«Жубайлар ажырашуу боюнча келишимге келишкен, бирок алар дагы деле чогуу жүргөндөй түр көрсөтүшөт. Мен укканыма караганда, Гарри Меганды бул кадамга түрткөн. Ал анын ким экенин түшүндү, - деди Кэмпбелл.
Жубайлар өздөрү бул маселе боюнча эч кандай комментарий берише элек. Бирок, инсайдерлердин айтымында, Гарри менен Меган мындан ары чогуу жашашпайт.
Булак: NazarNews.kg