www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Кипр Түрк Республикасына Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу статусун берүү боюнча шашылыш кайрылуусуна байланыштуу бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.

«Президенттин Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бүгүнкү саммитинде бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн колдоо жана БУУнун Уставын сактоо боюнча айткан сөзүнө байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын суроолору бар. Буга байланыштуу мамлекет башчысынын мындай билдирүүсүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу статусун берүү боюнча шашылыш кайрылуусуна байланыштуу айтканын белгилегим келет. Казакстан, биздин президент бир нече жолу айткандай, БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун негизги принциптерин ырааттуу карманат», — деп маалымдады Желдибай.

Эске салсак, 11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун Самаркандда өтүп жаткан саммитинде Касым-Жомарт Токаев Казакстан бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганын, ошондой эле БУУнун Уставын так сактоо зарыл деп эсептей турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости