www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Арча суу сактагычынын аймагында санитардык жана экологиялык талаптардын бузулганы аныкталып, ижарачыга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы социалдык тармактарда жарыяланган видео жана маалыматтардын негизинде суу сактагычтын аймагында текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аймак өз убагында таштандыдан тазаланбай, санитардык жана экологиялык талаптар одоно бузулганы аныкталган.
Натыйжада суу сактагычтын аймагын ижарага алып иштеткен тарапка Укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 17 миң сом административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, инспекторлор ижарачыга экологиялык талаптарды мындан ары бузбоо жана аймакты туруктуу түрдө таза кармоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү беришти.
Министрлик коомчулуктун айлана-чөйрөгө байланыштуу маселелерге кайдыгер карабай, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берип жатканын белгилеп, жарандарга ыраазычылык билдирди.