www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаардык соту казакстандык журналист, Orda.kz сайтынын мурдагы башкы редактору Гүлнара Бажкенованы 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бирок жазанын аткарылышы эки жылга жылдырылды. Ошондой эле ага 5 жыл бою журналисттик жана коомдук ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды.
Бажкенова өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, журналисттик кесипке тыюу салууну «жарандык өлүм жазасына» салыштырган. Ал үч берене боюнча - мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу, мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана жалган маалымат таратуу боюнча айыпталган.
Журналист 2025-жылдын декабрынан бери үй камагында болгон. Анын иши боюнча казакстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттерге жана көз карандысыз ЖМКларга болгон кысымды токтотууга чакырышкан.
Гүлнара Бажкенова - казакстандык журналист жана медиаменеджер. Ал ар кайсы жылдары бир нече ири медиадолбоорду жетектеген. Кылмыш иши козголгонго чейин Orda.kz интернет-басылмасынын башкы редактору болуп иштеген.