www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын жаңы дайындалган кызматкерлери үчүн АМС «Кылмыштардын Бирдиктүү Реестри» менен иштөө боюнча практикалык окуу өткөрүлдү.
Окутуу кызматтык иштин реалдуу шарттарына жакындатылган атайын тесттик чөйрөдө уюштурулду.
Анын жүрүшүндө кызматкерлер системада иштөөнүн негизги тартибин практика жүзүндө өздөштүрүп, «Электрондук кылмыш ишин» жүргүзүү боюнча тиешелүү көндүмдөргө ээ болушту.
Мындан тышкары, Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан окутуу методикасын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Бул ыкма кызматкерлердин санариптик даярдыгын жогорулатууга, окутуунун бирдиктүү ыкмасын калыптандырууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды натыйжалуу колдонууга шарт түзөт.