www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы мейманканада каза болгон жарандын өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айында Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринин бөлмөсүндө 2001-жылы туулган Н.Ф. аттуу жарандын каза болгондугу боюнча Тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» кылмышынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында О.Ж. аттуу жаран кармалып, ага кылмыш жасоого шектүү катары айып тагылып, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарынын бузулушуна байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин районунун тергөө судьясы тарабынан Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү У.Б.га карата жеке аныктама чыгарылган.

Аталган жеке аныктама белгиленген тартипте каралып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Мыйзамда каралган негиздер болгон учурда жооптуу кызматкерге карата тартиптик мүнөздөгү чаралар көрүлөт.

Последние новости