www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айыл аралашып, мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Алар ата-энелерге эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өз балдарына ар дайым көзөмөл кылууга чакырышты. РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана аймактык участкалык инспекторлор мектеп рекетчилигин жоюу, топтошуп мушташуу жана айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүмдөрдү автоунаа башкарганга жол бербөө максатында атайын лекцияларды өтүшүп, жаштарды тамеки тартуудан, спирт ичимдиктеринен жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөштү.

Автоунаа башкарган айдоочуларга кыш мезгилине карата дөңгөлөктөрүн алмаштырып, суук күндөрү муктаж болбогон учурларда көчөгө чыкпай, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырышты. Ошондой эле улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, диний экстремизм, өз жанына кыянаттык кылуу боюнча ой-пикирлер айтылып, кызуу талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости