www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районунда 5 жашар кызды алдап, ага ыплас иш-аракеттерди жасаган деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 32 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 13-июль күнү саат 16:00 чамасында 5 жашар кызына белгисиз жаран балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип кирип, ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирген.

Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости