www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүп, жарым жылдын жыйынтыгын чыгарды. Негизги доклад менен министрлер кабинетинин төагасы Акылбек Жапаров, андан кийин кээ бир министрлер менен айрым жергиликтүү жетекчилер чыгып сүйлөдү. Жалпы маанай – баары жакшы, баары туура, анткени жогорку бийлик акылмандык менен жетекчилик кылууда.

Акылбек Жапаровдун айтымында, айрым эл аралык эксперттер менен уюмдар – жылдын аягына чейин өлкө экономикасы 5 пайызга чейин төмөндөп кетет деп болжолдогон, бирок 6 айдын ичинде ички дүң өндүрүм 6,3 пайызга өстү. Тышкы карыз боюнча төлөмдөр дагы азыр өтө жогору, бирок өкмөт ал ишти да көзөмөлдөп турат.

Баардык экономикалык иштер санариптештирилип, кассалык аппараттар киргизилип жатат, ошондуктан мындай жогорку көрсөткүч экономиканын чындап эле өсүшү менен эмес, салык менен башка төлөмдөр толугураак чогултулуп жатканы менен байланыштуу болушу мүкүн. Эл аралык уюмдардын прогнозу менен болгон айырма болсо – ар башка эсеп методикасынан болушу ыктымал.

Последние новости