www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык алакасын Донецк менен Лугансктын көз карандысыздыгы деп аталган аймактарды «таанды» деген жүйө менен үздү. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
Украинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия тарабынан оккупацияланган Донецк жана Луганск аймактарынын «көз карандысыздыгы» деп аталган аймактардын Түндүк Корея тарабынан таанылышы чечиминин катуу айыпталганы билдирилди.
Билдирүүдө Пхеньяндын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы аракети Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын жана эл аралык укуктун негизги нормаларын жана принциптерин одоно түрдө бузганы белгиленген.
Түндүк Корея менен дипломатиялык алакалардын достукка жатпаган аракетине жооп катары үзүлгөнү айтылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram эсебинен жасаган билдирүүсүндө Түндүк Кореянын чечимине «бардык деңгээлде абдан катуу жооп кайтарышарын» айтты.