www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Адилеттик издесем, мени каралап, акча үчүн же кимдир бирөөнүн жетегинде кагазга кол койгондор запкы тартмак", - деди бүгүн, 14-июлда, NazarNews маалымат агенттигине Эл аралык илим жана бизнес университетинин негиздөөчүсү Нургалы Асаналиев.
- Нургалы-мырза, кепти кандайча Ак үйдү курууга киришип калганыңыздан баштайлычы. Ак үй курууну сизге кимдер сунуш кылды, кандайча сиз тандалып калдыңыз?
- Садыр Нургожоевич президент болуп шайланып, иштегенине бир жыл болуп калганда кирдим. ИИМдеги 5 миллион доллар аласам боюнча айтсам, "аны чечебиз" деди. Акылбек Үсөнбекович менен чогуу отурган экен: "Ысык-Көл мейманканасын бузуп, ордуна Ак үй курсак деген оюбуз бар” деди. Аны бузуп не кыласыңар, башка жер таппайсыңарбы десем, “Биз изилдедик, башка жер жок.
Ысык-Көл мейманканасы 15 жылдан бери бош туруп, талкаланып калыптыр. ӨКМ текшерди. Сен да барып көрүп, анан оюңду айт" деди. Барып карадым. Чындап эле имараттын эскилиги жетиптир. Үстү да жапыс экен, азыркы заманбап коммуникацияны киргизип, желдеткич койгондо дагы жепирейе түшөт.
Жатаканадан башкага жарачудай эмес экен. Анан Турдакун Усубалиев азыркы Ак үйдү куруп тарыхта калганын эстедим. Сунуш түшүп жаткандан кийин ыңгайы келсе жаңысын курайын деген амбиция пайда болду. Ак үйдү салганбыз деген ойдо имидж кылайын деп макул болдум. Бирок маселе Ысык-Көл мейманканасынын жанында жайгашкан Манас айылынан чыкты.
- Маселени ырбатпай эле, манасчы Дөөлөт Сыдыков менен орток пикир табууга мүмкүн болгон жокпу?
- Орток пикир табууга аракет кылдым. Телефондон Дөөлөт менен байланыштым, маселенин чоо-жайын айттым. 3-4 күн убактысы болбой, жолуга албадык. Дагы бир чалганымда кайдан жолугабыз десем, "кафеден" деди. Келинчеги экөө келиптир. Президент сунуш кылды, сен Манас айылынын жетекчиси экенсиң, экөөбүз бир сунуш киргизсек кандай болот деп, мурда-кийин тааныган киши катары жаман оюм жок кайрылдым.
Ак үйдү мен тез бүтүрсөм сеники калып калат, ошон үчүн бир долбоор кылалы. Ак үйгө келген коноктор Манас айылына сейилдейт, баарыбыздын мактанчу жерибиз болот дедим. Бирок Дөөлөт караманча-каршы болуп: "Мен сага кошулбайм, конкурс жарыялап өзүмдүн долбоорумду даярдап койгом", - деди. Чынында болсо ал маселени Дөөлөт экөөбүз эмес, өкмөт чечет. Жер мамлекеттики. Мамлекет жерди кандай колдонсо өзү билет да.
- Дөөлөттүн долбоорун көрдүңүзбү?
- "Конкурс жарыялап өзүмдүн долбоорумду даярдап койгом" дегенден кийин кандай долбоор экен деп көрдүм. Жомоктогудай кылып чийип алыптыр. Асыл темирден 40 кабатты тургузуп, ага аттар менен 40 чорону тизип чыгат экен. Мунун темирине эле 150 миллион доллар кетет, иши 50 миллионго барат. Анын долбоору ишке ашышы мүмкүн эмес. Анткени анча каражатка куруу реалдуу эмес.
- Айтмакчы, сиз Манасты аздектеген, манасчыларга өзгөчө сый менен мамиле кылган, Соң-Көлдөгү 40 күн Манас айткандарга раматылык Муктар Өмүракунов менен бирге колдоо көрсөткөн адам элеңиз. Бирок Ак үй куруу маселесинде сизди манасчыны жана Манасты тебелеп-тепсегендей сүрөттөп ийишти го?
- Мен да ошого таң калдым. Мен да Манас атабызды ыйык деп билген, манасчыларга аздектеп мамиле кылган, колумдан келсе колдоо көрсөткөн адаммын. Бир сапар "Каганат" партиясын ачып, Жогорку Кеңешке шайлоого барганда манасчыларды тизменин башына койгом. Дөөлөт Сыдыков үчүнчү орунда турган. Азыр эле каралашканы болбосо, жакшы мамиледе болчубуз.
Дөөлөткө урмат-сый менен мамиле кылчумун. Дөкө, деп кастарлап турчумун. Өкүнүчтүүсү, жаман ою жок айткан сунушумду туура эмес кабыл алышып, мен Манаска чыккынчылык кылып жаткандай, Манастын жерин тартып алып жаткандай жагдайды жаратып коюшту.
Ошол мезгилде орозо болгону үчүн унчукпай сабыр кылып, алардын жаман-жакшы сөздөрүнүн баарына жооп кайтарбай көтөрдүм. Акылга сыйбаган нерселердин баарын айтышты. Коомчулукту дүрбөтүштү. Сабыр кылганым менен чекмелеп сурагандар көп болду. Эртеби-кечпи айтыла турган сөз болгон үчүн азыр айтып жатам.
- Бирок сиз Дөөлөт-манасчыны кысымга алгансызбы?
- Мен ага кантип кысым көрсөтмөк элем? Бирок болбой эле мен жөнүндө түрдүү сөздөрдү таратып жатышат. Негизи, мен Манас айылы да чогуу бүтүп калса деген эле ниет кылгам. Жыйынтыгы мага жалаа жабуу менен аяктады. Негизи, манасчы жана манасчылык чарбалык иштен жогору турганы туура болот.
- Рыжый Марат деген ким? Дамирбек Асылбек уулу менен кандай байланышыңыз бар?
- Марат Турсунбеков президенттин иш башкармалыгына караштуу курулуш дирекциясын башкаруучусу болуп дайындалган үчүн, Ак үй курабыз дегенде иштештик. Дамирбек Асылбек уулу биз баш тарткандан кийин ал ишке киришсе керек.
- Баса, Түштүк магистралдагы 16 гектар жерди алып, анын акысына Ак үй куруп, пайданы очойто табат экен деп чуулдап жатышты эле го. Чын эле Түштүк магистралдагы жер пайдага туйтунта турган жер бекен?
- Ооба, Түштүк магистралда бучкакталган 16 гектар жер бар экен. Бирок ал жерге Ак үй салганга мүмкүн эмес экен. Ага 300 миң чарчы метр жерге 5-6 миң батир салса болчудай. Азыркы базар шартында ар бир чарчы метринен 100-150 доллар пайда табат. Ошондо ашып барса 5-6 жылдын ичинде 45 миллион доллар пайда түшөт.
Ак үй 18 миң чарчы метр болот. Аны жөнөкөй салса да, музейдей кылып, келиштире салса да болот. Жөнөкөй салганда эле “квадраты” 1000 доллардан ашат. 18-20 миллион доллар кетет. Эгер музейдей салса, 40 миллион доллардын башын чапчыйт. Салганга жараша жакшысын салыш керек да.
Биздин оюбуз боюнча 16 гектардан түшкөн киреше ошол жакка кетмек. Ал ортодо да түрдүү маселе жаралмак. Инфляция, эл арасында “төлөй албай жатам” дегендер, аларды митингге чыгаргандар болот. Ушунун баарын эске алып, биз Ак үйдү салалы, ал эми батирлерди ипотекалык компания аркылуу сатып, акчасын чыгарып бергиле дедик. Макул дегичекти эле Дөөлөт ызылдап чыгып, коомдо чуу болду.
- Ошондо Ак үйдү куруу токтоп калдыбы?
- Курулуш башталган болчу, техниканы алып барып, Ысык-Көл мейманканасын буза баштаганбыз. Ызы-чуу түшкөндө токтотуп салдым. Анткени, бизнес тынчтыкты сүйөт эмеспи.
- Садыр Жапаров менен мурда-кийин байланышыңыз бар беле? Ак үйдү курууда сиз кантип тандалып калдыңыз?
- Запкы тартып, камалып, азап чегип жүргөнүндө билчүмүн. Ак жеринен жабыр тартып жатат деп колдочумун. Анчалык деле мамиле түзгөн эмесмин. Тагыраагы, мени тандаганга жете элек болчу. Биз жалпы сунуш бермекпиз, Садыр Нургожоевич момундай кылсак жакшы болот деп, андан кийин аукцион, тендер болмок.
Ал учурда жада калса долбоор да жок болчу. Аны баалаш үчүн долбоор түзүлүшү керек эле. Ал долбоор жакында эле чыкты. Ошого чейин эле түшүнүп-түшүнбөй эле бизди былчылдатып тепкилеп, каралап салышты.
- Чынында азыр Ак үй куруу зарылдыгы барбы?
- Айрым президенттер жаратман болот. Жоктон бар кылат. Кээ бирөөсү талкалагыч болот. Бар нерсени талкалайт. Менимче, Садыр Нургожоевич ошондой жаратман болуп, жакшы нерселерди жасоого аракет кылып жатат. Ошон үчүн да жаңы Ак үй салдыруу маселесин көтөрдү окшойт.
- Эмнегедир сиз тууралуу интернет айдыңында жакшы сөз айтылбаптыр. Сүйлөшө келсек, кыянаттык кылып жибере турган деле адам эмес экенсиз. Неге учурунда каралоолорго каршы пикир айткан эмессиз?
- Адилеттик издесем, мени каралап, акча үчүн же кимдир бирөөнүн жетегинде кагазга кол койгондор запкы тартмак. Анткени, кыргыздын тың чыкмалары эле жок жерден жалаа жаап, Индиядан келген студенттерге кол койдуруп, мени каралоого үлгүрүштү. Жыйынтыгында кол койгон студенттер: "Биз минтип арыз жазган эмеспиз", - деп айтып чыгышты.
Себеби, биздин эле кыргыз тың чыкмасы ортого түшө калып, менин наамыма арыз жаза коёт, "биз акчасын төлөсөк деле окуудан чыгарып салышты" деген таризде. Бир ай камакта болдум. Кылмыштын курамы жок деп бошотушту. Бирок мени көрө албагандар коомчулукка тескери маалымат таратып жиберишти.
- Ал студенттердин контрактын төлөтүп алып, окуудан айдап жибергениңиз чынбы?
- Жалган. Окуу жайдын ээси катары караланып, камалдым. Чынында Индияда акча алмашып, ал жактан келген студенттер окуу контрактын төлөй албай калышты. Анысы аз келгенсип, "биз мусулманбыз" деп, кышында дааватка кетип калышты.
Медицина тармагы болсо: "Анан окубай коюшса", - деп, окуу жайдын ректору кыркка жакынын окуудан чыгарып салат. Кыскасы, күнөөм жок жерден караланып, жаманатты болуп калдым.
- Азыр бизнесмендер түрдүү аракет жасап, байлыгын көбөйтүү менен алек. Эмне үчүн сиз чыгымы көп агартуу тармагына басым жасап жатасыз?
- Байлыкты жакшы жакка жумшаганга аракет кылам. Агартуу тармагына салым кошуп, билимдүү жаштар өссө деген ниеттемин. Себеби, илим-билимдүү, тартиптүү болбосоң, миң тапканың бир күн эмеспи. Ошон үчүн: "Кыргызстанды ойлогон, өнүктүргөн илим-билимдүү муунду тарбияласак, адептүү, эли-жерине ак кызмат кылган жаштар дүркүрөп өсүп чыкса экен", - деген улуу максаттарым менен аталган окуу жайын ачкам. Мекенибизге ак кызмат кылуу менен кийинки муунга үлгү болгум келет.
Булак: NazarNews.kg