www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жалпы 105 000ден ашуун калк жашайт. 8 айыл өкмөттөн, 42 айылдан турат. Борбору Ала-Бука айылы. Областын борборунан 220 км, Бишкек шаарынан 650 алыстыкта жайгашкан.
Калкы дыйканчылык, мал чарбачылык жана соода-сатык менен алектенишет. Жакырчылыктын көрсөткүчү райондо болжол менен 28% түзөт. Райондо эки ири ОсОО "Казминералз Бозумчак" жана ОсОО "Фулд голд майнинг" алтын кен ишканалары бар.
Түштүк батышынан Өзбекстандын Касан-Сай, Чуст райондору менен чектешип келет. Райондо Өзбекстан менен айрым такталбаган чек ара тилкелери да бар. 2020-жылдын октябрь айынан бери райондо акимдик кызмат орду бош турат.
Мурдагы аким Э.Абдыкадыров ден-соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Учурда райондун акиминин убактылуу милдетин, акимдин биринчи орун басары Б. Сагынбаев аткарып келе жатат.
Баса, беш айдан бери аталган район акими жок, ээнсиреп турат. Көк-Серек айылындагы чек арада кырдаал курч боюнча калууда. Кайсы бир кыраандардын тааныштарын издебей эле жергиликтүү аймакты беш колдой билген Сонунбек Акпаралиевди кызматка коюп койсо, чек арадагы маселени чечүүдөгү бийлик тарапка да жеңил болмок. Кантсе дагы ишитин көзүн билген кадрлардын бири...Азыркы учурда бийликке ойлонууга убакыт жок, мыкты кадрлар гана керек!
Булак: NazarNews.kg