www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолукту.
Жолугушууда ал Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы талаштуу маселелерди чечүүдө бардык жоопкерчилик өз моюнунда экенин айтты.
Ал Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иштери март айынын алгачкы он күнүндө, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр марттын экинчи он күндүгүндө кайрадан жанданат деп билдирди.
«Быйыл жылы чек аранын 150 чакырымы демаркация болот, тикен зым менен тосмолор коюлат. Мурда жылына он беш чакырымдай эле демаркация болуп турган экен. Мен чек арага байланыштуу баардык маселеге жооптуумун», - деди Ташиев.
Булак: NazarNews.kg