www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-февралда «Конституциялык принциптер мамлекеттин кебелбес негиздери» аталышындагы тегерек стол өттү. Анда учурда каралып жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Тегерек столдо экс-депутат Максат Кунакунов Садыр Жапаровго жаңы Баш мыйзам тууралуу кайрылуу жасады.

«Кыргызда жакшы сөз бар: «Шашкан шайтандын иши». Эл менен терең акылдашып, кандай суроо-талаптар бар экенин аныктап туруп анан ишке кирүү керек. Анткени, Конституция бул коом менен бийликтин келишими. Шашып кабыл алынган Баш Мыйзам керектүү мыйзамдуу экспертизалардан өтүш керек, Конституциялык палатадан өтүш керек, Аткаруу бийликтин экспертизасынан өтүш керек. Бул бийлик менен карапайым адамдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган негизги документ. Ар бир парламенттик талкуулоонун ортусунда эки ай өтүш керек жана бүткүл элибиздин коомчулугу менен кеңешип чыгыш керек», - деди Кунакунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости