www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун чек арага жакын жашаган тургундары мамлекеттик чек ара сызыгын Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек аймагынан өткөрүүгө макул болбой жатышат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде делимитацияланган мамлекеттик чек ара Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимине жана 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 мыйзамына ылайык аныкталган.

Аталган тилкелерде жагдай курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын Ала-Бука тилкеси боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Пунган тилкеси боюнча чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын чек арага жакын жашаган тургундарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп бүткөнчө өзбек тарап жүргүзүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери убактылуу токтотулган.

Учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында абал туруктуу», - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости