www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ала – Тоо айымдары» коомдук – экологиялык кыймылы, 12.02.2010 жылы, депутат Роза Исаковна Отунбаеванын кеңсесинде, Кыргыз элинин көрүнүктүү айымдарынын катышуусу менен негизделип, Р.И. Отунбаевага кыймылдын эң алгачкы төрайымы болуу визайпысы арткан. 2010 жылы Р.И. Отунбаева убактылуу өкмөткө кеткендигине байланыштуу, А. Т. Тойчуевна дайындалган. Ошол эле жылы сентябрь айында КР. ЖКнин шайлоосу болуп А. Т. Тойчуевна депутат болуп кетти. 2010 жылы сентябрь айында Баргибаева Жыпаргүл Мухтаровна “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы болуп дайындалды. Ж.М. Баргибаева келгенден баштап алгылуктуу иштер жасалды жана жасалып жатат.

“Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын жер жердеги өкүлдөрү, ошол кезде Кыргызстандын туруктуулугу, элдин бүтүндүгү үчүн, «Референдумдун», Президенттик жана парламенттик шайлоонун татыктуу өткөрүлүшүнө чоң салымдарын кошушкан.

22.01.2011 жылы «АТА» КЭ кыймылынын демилгеси менен «Дордой» ассоциациясынын демөөрчүлүгү астында, «Кой – Таш» эс алуу борборунда баардык ММКын башын бириктирген «Пресс – Шерне» уюштурулуп, «Тур! Улуу Журт!» аттуу коомдук – экологиялык жаңылануу ынтымак эстафетасынын ишин алгалатуу максатында, «Мөңгү» фондунун идеяларын жана долбоорлорун колдоо боюнча маселе көтөрүлгөн.

15.02.2011 жылы Ош шаарында Ош, Жалал – Абад, Баткен областык администрациясынын, Ош шаардык администрациясынын катышуусу менен, «Аялдар тынчтыктын тиреги» деген чакырыктын алдында, Чынгыз Айтматовдун керээзи: «Мөңгүлөргө арзуу» деген аталышта, үч областан 1 000 ашык аял заты катышкан чоң жыйын өткөрүлүп, резолюция кабыл алынган.

05.04.2011 жылы Бишкек шаарынын тарых музейинде жыйындыр залында «АТА» КЭ кыймылдын демилгеси менен «Кеңейтилген кеңеш» өткөрүлүп, Түштүк жергесинде кабыл алынган резолюция кайра баштап бекитилген.

12.01.2012 жылы КТР корпорациясы менен бирдикте эски жаңы – жылга арнап КР Президентинин «2012 – жыл үй – бүлөөнүн жана тынчтыктын, ынтымактын, кечиримдүүлүктүн жылы» деген буйругун ишке ашыруу максатында телекече уюштурулган.

08.03.2012 жылы КТР корпорациясы менен бирдикте 8 – март Аялдардын эл аралык күнүнө арналып салтанаттуу телекече уюштурулган. Бул телекечеге жети дубандын алдыңкы лидер айымдарынын катышуусунда өткөрүлдү.

21.03.2012 жылы Түштүк аймагынын Ош шаарынды 3 обуластын, 25.03.2012 жылы Бишкек шаарында республикабыздын көрүнүктүү жана жандуу (активдүү) аялдарын коомун алдында сиңирген адал эмгектери үчүн «Ала – Тоо айымдары» КЭ кыймылынын ардак граматалары жана төш белгилерин ыйгаруу аземи уюштурулган ЭЛтр жана Чүй телеканалдары менен биргеликте.

04.04.2012 жылы КЭМС “Мөңгү” фондунун, “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын демилгеси менен Өзгөчө Кырдаалдар Минстирлигинин колдоосу астында, табигый кырсыктардын алдын алуу максатында “Тур! Улуу Журт!” ыктыярдуу ыкчам кыймылы негизделип, республика боюнча үгүт-насаат иштерин жайылтууга жетишкен.

2013 жылы октярбь – ноябрь айларында “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын ардактуу мүчөсү, Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Миңди Мамазаированын Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын жетекчилеринин катышуусунда “Ош-Азия каухары” аттуу китебинин бет ачаарын өткөзүп беришти. Жогоруда көрсөтүлгөн коомго өтө керектүү алгылыктуу иштерди жайылтуу жана өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоо максатында, жаңы форматтагы аялдар журналын чыгаруунун астында.

Шамил Карабала уулу

Последние новости