www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда 30 памирлик кыргыз кесиптик билимге ээ болду

Алай районунда 30 памирлик кыргыз кесиптик билимге ээ болду, анын ичинен 15 аял тигүүчүлүктү, ал эми 15 эркек айдоочулук кесипти үйрөнүштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлмигинен билдиришти.

Күн мурун эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алды.

Анын айтымында, айылда 17 үй-бүлө жашайт, алар мамлекеттин көңүл чордонунда.

"Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй жана жылкы, 10 баштан кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча 16 жашка чейинки 36 бала “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алат.

Мындан тышкары, ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди: 15 аял тигүүчүлүктү, 15 эркек айдоочулук кесипке окушту", - деди министрдин орун басары.

Последние новости