www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте төрт диний лагери жабылды

УКМК Бишкек шаарынын аймагында белгиленген тартипти бузуу менен уюштурулган төрт диний балдар лагеринин ишмердигин аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында диний балдар лагерлери табылып, анда 120 бала (6-17 жаштагы балдар жана кыздар) окуудан өтүшкөн. Ошол эле учурда аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосуз жүргүзүшкөн.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын билим берүү жана эс алуу жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, алардын тамактануусун уюштуруу, билим берүү программаларынын иш жүзүндө жоктугу ж.б.у.с. одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

Мындан тышкары, балдарды дин маселелери боюнча жетиштүү билимге ээ болбогон жаштар окутушкан. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында аталган мекеменин уюштуруучуларынын жана алардын ишине оозеки уруксат берген мекемелердин жана казыяттардын ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилет. Учурда жогоруда аталган диний лагерлердин ишмердүүлүгү токтотулду.

 Маалымдама: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

КР УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, диний объекттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштешинин мыйзамдуулугун текшерүү зарыл экенин эскертет.

Последние новости