www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди тездетип даярдап жана жол-жоболоштуруп берүү үчүн мыйзамсыз акча чогултуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.

УКМКнын маалыматына ылайык, коррупциялык схема Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аламүдүн филиалынын адистери тарабынан уюштурулган.

2026-жылдын 29-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражатын алып жаткан учурда аталган филиалдын Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн адиси А.Б. кылмыш үстүндө кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган «пара талап кылуу» беренеси боюнча айып тагылган.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

 

Последние новости