www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24–25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев АКШнын Вашингтон шаарында Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) уюштурган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты.

Иш-чарада борбордук банктардын ишинин негизги багыттары, анын ичинде акча-кредит саясаты, финансы системасынын туруктуулугун камсыздоо жана институционалдык негизди бекемдөө маселелери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруунун заманбап ыкмаларына, төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана борбордук банктардын санариптик валютасына өзгөчө көңүл бурулду.

Брифингдин алкагында Алмаз Бакетаев ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиева менен жолугушту.

Жолугушууда дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденциялар жана актуалдуу чакырыктар талкууланды. Тараптар Кыргызстандын ЭВФ менен кызматташтыгынын алкагында конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Последние новости