www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 гектар мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан.
Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдар аныктоо чаралары көрүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg