www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырсык 15-февралда Бишкек — Теплые ключи жолунда болгон. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, унаа болжол менен 30 метрдей жардан кулап кеткен.
Кырсыктан айдоочу жана эки кыз окуя болгон жерден каза болгон. Алардын өздүгү такталып жаткандыгы айтылууда.
25 жаштагы эркек киши ар кандай жаракат менен Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.