www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Ысык-Көлдөн жер тилкелерин 49 жылга ижарага алат. Тиешелүү макулдашууну жана келишимди Казакстандын Сенатынын депутаттары 12-февралда ратификациялаганы маалым болду.
Тактап айтканда, Ысык-Көлдөгү "Казакстан" санаторийи, "Самал" эс алуу үйү, "Университет" спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери, "Олимп" спорттук-ден соолукту чыңдоо борбору Казакстандын менчиги болуп саналат. Казакстанга берилген аймакта инвесторлорду тартууга жана керек болсо объектилерди бузууга да уруксат берүү макулдашкан. 

Казак сенатынын депутаты Нурия Ниязованын айтымында кыргыз тарап ижарага берилген объектилердин кол тийбестигине кепилдик берет жана аларды мамлекеттик менчикке кайтарып алуу багытындагы аракеттерден баш тартууга милдеттенет.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы курорттор жана жер боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишимдер тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Казакстан өзүнө таандык курорттук-рекреациялык объектилерди 3 же 4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине жеткирүү милдетин алган.

Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Кыргызстан Өзбекстанга да ошол эле 49 жылдык мөөнөткө жана заманбап мейманканаларды куруу шарты менен берген болчу.

Последние новости