www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

Бул боюнча министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов объектидеги абал боюнча төмөнкүлөрдү маалымдады:

Аталган объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү күндө куруучулар тарабынан курулуш аянтын консервациялоо иш-чаралары жүргүзүлмөк. Консервациялоо - бул курулуш иштери токтотулган мезгилде объектини, курулуш материалдарын жана техниканы бузулуудан жана зыян келтирүүдөн сактоо максатында көрүлүүчү чаралар.

Бирок “Action” ЖЧКсы курулуш объектисинде бетон кую иштерин баштап жаткан жеринен иш токтотулуп, курулуш объектисине министрлик тарабынан мөөр басылып жабылды.

Белгилей кетсек, мындан төрт күн мурда Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аталган мектепке чектеш объекттеги курулуш иштери токтотулган.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан объекттин мыйзамдуулугу жана балдардын коопсуздугу боюнча кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости