www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстандык окуучулар INFO1CUP эл аралык информатика олимпиадасында жогорку жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Мелдешке Кыргызстандан 8 окуучу катышып, 7 медаль жеңип алды. Ал эми бир катышуучу сертификатка ээ болду.

Алтын медаль алгандар:

  • Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
  • Рамазан Мананов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби.

Күмүш медаль алгандар:

  • Саид Жаныкеев — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
  • Эмирхан Сыдыков — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби.

Коло медаль алгандар:

  • Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan;
  • Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect School;
  • Аруубек Баимырзаев — 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи.

Катышкандыгы үчүн сертификат:

  • Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect School.

Белгилей кетсек, олимпиада 7-8-декабрь күндөрү Румыния мамлекети тарабынан өткөрүлгөн. Ага Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израиль, Италия, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия жана Өзбекстандан жалпы 189 окуучу катышты.

Последние новости