www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын “Энергоатом” ишканасындагы коррупциялык ызы-чуудан кийин кызматтан кеткен мурдагы энергетика министри Герман Галущенко 15-февралда чек арадан өтүп жатканда кармалды.

Бул тууралуу алгач украиналык басылмалар жазып, кийин Коррупцияга каршы улуттук бюро ырастады.

Мекеме мурдагы жетекчи энергетикадагы коррупция боюнча “Мидас” ишинин алкагында кармалганын кошумчалап, башка жагдайларды ачык айткан эмес.

“Украинская правда” жазгандай, Галущенкону поездге отурган жеринен кармашкан. 

Галущенко 2021-жылдан 2025-жылга чейин Украинанын энергетика министри болуп иштеген. Андан кийин ал бир нече ай бою юстиция министри болуп иштеген, бирок 2025-жылдын ноябрында юстиция министри кызматынан алынган. 2013-2014-жылдары Галущенко Энергоатомдо укуктук колдоо боюнча аткаруучу директор, ал эми 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрелине чейин компаниянын вице-президенти болуп иштеген.

2025-жылдын ноябрында Украинанын Улуттук коррупцияга каршы күрөшүү прокуратурасы (NABU) жана Атайын коррупцияга каршы күрөшүү прокуратурасы (SAPO) энергетика тармагында болжол менен 100 миллион долларды адалдоо схемасынын бети ачылганын жарыялашкан. Энергоатомдогу коррупцияны ачыкка чыгаруу операциясы "Мидас операциясы" деп аталган.

 

Последние новости