www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте автоунаа уурдоого шектелген 1984-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Д.Б. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 5-октябрында саат 18:00 чамасында Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйүнүн короосуна «Kia Picanto» үлгүсүндөгү автоунаасын калтырып, андан соң Каракол шаарына жөнөп кеткен. 9-октябрда үйүнө кайтып келгенде, автоунаасы ордунда жок экенин байкаган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишин тергөө учурунда, шектүү автоунааны 80 миң сомго сатып, акчаны коротуп жибергени аныкталды.
Учурда автоунаа табылды.