www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда жайыт жерлерин коргоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча рейд өткөрүлүп, эндуро үлгүсүндөгү мотоциклдер менен жайыттарды бузган эки жаран аныкталды.

Рейд Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чара жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде өткөрүлгөн. Алардын маалыматына ылайык, Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынын жогору жагындагы жайыттарда айрым жарандар эндуро мотоциклдери менен жүрүп, жайыттын топурак катмарын бузуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирип жаткан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузган эки жаран аныкталып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин тиешелүү беренеси боюнча административдик протокол түзүлдү.

Ар бир жаранга 5 500 сомдон айып пул салынып, жалпы айып пулдун суммасы 11 000 сомду түздү.

Тиешелүү кызматтар жайыттарды жана жаратылыш аймактарын коргоого багытталган рейддик иш-чараларды улантууда.

Последние новости