www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда кургакчылыктан улам Эльба дарыясынын суусу кескин тартылып, тарыхта суунун өтө төмөн деңгээлин белгилеген «ачарчылык таштары» кайрадан көрүнүп чыкты.
Биринчи мындай таш Пирна шаарына жакын жерден табылган. Анын бетине дарыядагы суунун кооптуу деңгээлге чейин төмөндөгөн учурларын билдирген 20дан ашуун дата чегилген. Алардын эң алгачкысы 1707-жылга таандык.
Учурда Эльбадагы суунун деңгээли Пирна аймагындагы айрым жерлерде 1 метрден төмөн түшкөн. Ал эми Дрезден шаарында суунун деңгээли 54 сантиметрге чейин азайган.
«Ачарчылык таштары» Европада дарыялардагы суунун өтө төмөн деңгээлин белгилөө үчүн колдонулган тарыхый белгилер болуп саналат. Алардын айрымдарында кургакчылык, түшүмдүн начардыгы жана ачарчылык менен байланышкан оор жылдар тууралуу даталар чегилген.
Германиянын метеорология кызматынын болжолуна ылайык, жакынкы күндөрү Саксонияда айрым жерлерде күн күркүрөгөн жаан болушу мүмкүн. Бирок жаан-чачындын көлөмү кырдаалды олуттуу жакшырта тургандай деңгээлде болору күтүлбөйт.