www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Аптанын башындагы эртең мененки саптык тизилүүдө ИИМ тарабынан жаңыдан дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды.

Андан соң Улан Жукенов облус аймагындагы райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн жыйын өткөрүп, өткөн аптада аткарылган иштер боюнча маалыматтарды укту.

Жыйында милиция кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, милициянын көчмө кабылдамасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, жарандардын кайрылууларын жеринде кароо жана калкка сапаттуу сервистик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Баткен ОИИБдин жетекчиси жарандар менен иш алып барууда кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана кайрылууларды өз убагында кароого өзгөчө көңүл буруу керектигин тапшырды.

Последние новости