www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги "Аламүдүн" базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, базар санитардык нормаларды жана эрежелерди аткарып, дезинфекциялоо жүргүзүү үчүн жабылды.
"Тийиштүү буйрукка шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койду. Базардагы бардык соода түйүндөрү ээлик кылган формасына карабай убактылуу иштебей турат", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми "Аламүдүн" базарынын администрациясынан бул бир күндүк гана чара экенин, базар эртең 16-июндан баштап кадимкидей режимде иштей турганын билдиришкен.
Белгилей кетсек, 9-июнда “Ош” базарында коронавирус жуктурган учур катталып, 15-июндан 17-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотуу пландалган.
Буга чейин "Орто-Сай" базары 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү максатында жабылган. Анда бир катар жарандардан кайрылуулар болуп, алар аталган базарга баргандан кийин коронавирус жуктуруп алышканы айтылган.
Булак: NazarNews.kg