www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июнда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде: "Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда", - деп билдирди.
“Өзгөчө Бишкек шаарында инфекциянын учурлары көп катталып жатат. Уюмдарда, ишканаларда коронавируска топ адамдар чалдыгып жатышат.
Эпидемиологиялык иликтөө көрсөткөндөй, вирусту жуктуруп алгандар коомдук транспортто жүрүшкөн. Ал жакта адамдар беткапсыз, антисептиктерди колдонбой жана социалдык аралыкты сактабай жүрүшөт” – деди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун 2372 учуру аныкталган. Анын ичинен 1813 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 27 адам илдеттен улам каза тапкан.
Булак: NazarNews.kg